БАШЫ АЧЫК
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Эч кимге менчиктелбеген, эч ким ээ болбогон, эч кимдин тиешеси жок. Башы ачык оокат. Башы ачык буюм. 2. Кудалашкан, сүйлөшүп макулдашкан жери жок (кызга карата), башка күйөөгө чыгууга, кетип калууга мүмкүнчүлүгү бар, кылчактай турган, кармала турган эч нерсеси жок (күйөөдөн чыккан же жесир калган аялдарга карата). Арзыган теңине жете албай зарыгып башы ачык кыз тургай, күнү үстүнө барган токолдор, кайындаган күйөөсүн чанган кыздар да сүйгөнүнө баш кошо баштады (Сыдыкбеков). - Кантип?! Менин башым ачык эмес да? (Бейшеналиев). Өнөрлүү келиндин башы ачык экендигин айтсам, акын токтоосуз учасың (Бейшеналиев).